БАДАМ СЫМАЛ БЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДАМ СЫМАЛ БЕЗ ‒ лимфа системасынын органы. Ооз көӊдөйү менен кулкунда жайгашкан. Ал организмди оорутуучу микроорганизмден коргоого жана иммунитет пайда кылууга катышат. Анын эӊ ириси ‒ таӊдай бездери. Оозду чоӊ ачканда кичине тилдин эки жагынан көрүнөт. Анда микробдор көп чогулат, сезгенгенде былжыр челдин сыйрылган клеткаларынан, ак кан денечелер ‒ лейкоциттерден жана тамак-аштын майда бөлүкчөлөрүнөн пайда болгон кебер каптайт, к. Ангина. Таӊдай безинин өнөкөт сезгенүүсүндө анын коргоо функциясы бузулуп, организм үчүн коркунучтуу ириӊдетүүчү микробдун чордонуна айланат. Бул учурда жакшылап дарылоо керек; операция жасоону организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша дарыгер чечет.