БАГЫШ, ача туяктуу сүт эмүүчү

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАГЫШ (Alсеs alсеs) ‒ бугулар тукумундагы ача туяктуу сүт эмүүчү. Дене уз. 3 мге, бийикт. 2,3 мге, салм. 570 кгга чейин жетет; ургаачылары кичирээк. Буттары узун, ичке, ак, башы чоӊ, үстүнкү эрди калыӊ. Эркегинин тамагынын асты жагында жүндүү териси салаӊдап турат, куйругу кыска, эркегинин күрөк сымал мүйүзү бар, жүнү катуу, мойнунун үстүндө узун жүнү жалга окшоп кетет. Кышында ‒ кара-күрөӊ, жай

Файл:БАГЫШ 2106.png

ында кара түстө болот. Европа, Азия токойлорунда, токойлуу-тундрада, токойлуу-талааларда жашайт. Жалгыздан же топтошуп жүрөт. Мүйүзүн декабрда таштайт, жаӊысы августка чейин өсөт. Анын эти жана териси үчүн аӊчылык жасалат.