БАГЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:36, 14 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАГЛАН ‒ Ош обл-нун Ноокат р-ндагы кыштак. Кулатов айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ноокат ш-нан 49 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 10 км. Деӊиз деӊг. 1275 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2587 (2009); негизинен тамеки өстүрүүдө жана мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, оорукана бар.