БАГАТЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 21 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАГАТЕЛЬ (французча bagatelle ‒ майда-чүйдө) ‒ жеӊил аткарылуучу, чакан, көбүнчө фортепьяно үчүн жазылган музыкалык чыгарма. «Багатель» деген түшүнүктү алгач Ф. Куперен киргизген. Кийин Л. Бетховен, А. К. Лядов, А. Дворжак сыяктуу композиторлор тарабынан өркүндөтүлгөн. XX кылымдын композиторлорун пьесалык чыгармалардын циклдериндеги ар бир пьесанын музыкалык тилинин өз алдынча изденүү мүмкүнчүлүгү кызыктырган. Ф. Бузони, Ф. Пуленк, Б. Барток, А. Веберн кылдуу аспаптар квартети үчүн багатель жазышкан.