БАГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:14, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
б а г ‒ байыркы Кыргыз мамлекетинде ги аймактык башкаруу бирдиги; аскердик титул; каган тарабынан дайындалган аймактын башкаруучусу. Кыргыз мамлекети 9-к-дын орто ченинде алты аймакка бөлүнгөн; аларга азыркы Хакас-Минусин ойдуӊу, Краснояр крайынын түштүгү, Тува, Тоолуу Алтайдын бир бөлүгү, Моӊголия ж-а ага чектеш аймактар кирген. Тувадагы Өөк Тарлактан табылган байыркы кыргыздарга таандык эстеликте: «...атым Эл Туган Тутук бен (мен). Теӊири элимке элчиси эртим. Алты баг будунгка [элге] эр [тим] » ‒ деген саптар (мында «баг» уруу деген мааниде колдонулуп, «алты уруу элге бек элем» деп айтылып жатат) жазылган.