БАБЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:37, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБЫР, Б о о р ‒ Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Мырза-Аке айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта, Кара-Суу темир жол бекетинен 60 км. Деӊиз деӊгээлинен 1080 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1 136 (2022); негизинен тамекичиликте жана кой чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, оорукана бар.