БАБЕЗИОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБЕЗИОЗДОР, а б е з и е л л ё з д о р ‒ малдын жугуштуу ылаӊы. Ваbesiа уруусундагы жөнөкөйлөр пайда кылат. Иксод кенеси таратат, румын окумуштуусу В. Бабеш ачып (1888), анын ысымынан аталган (1893). Муну менен көбүнчө уй, кой, эчки, жапайы айбанаттардан ‒ муфлон, аркар ылаӊдайт. Ылаӊ көбүнчө Европа жана Орто Азияда таралган, негизги белгилери: малдын сүтү 80 %ке чейин азаят; кой, эчки, уй бала салат; ичи катат; тез арыктайт; сийдиги кызгылт, кийин кочкул кызыл болуп, канында мите пайда болот; дем алуусу начарлап, көк боору, боору, бөйрөгү чоӊоюп, өт баштыгына коюу өт толот; анемияга чалдыгат. Гемоспоридин, акаприн, беренил, азидин ж. б. менен дарыланат. Алдын алуу үчүн жайыттагы жана короодогу кенени жок кылуу керек.