БАБАШ-АТА ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:01, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБАШ-АТА ЧОКУСУ ‒ Бабаш-Ата кырка тоосунун эӊ бийик жери. Бийикт. 4427 м. Чоку жайгашкан тоонун түн. капталында бир аз мөӊгү бар, ал эми калган бөлүгү жылаӊач. Чоку Майлы-Суунун төрүндөгү Кутман-Көлдөн түш.-чыгышта (5‒6 км); андан төмөн Кара-Үӊкүр суусунун оӊ куймасы башталат. Палеозойдун сланец жана акиташ тектери кездешет.