БАБА ДЫЙКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБА ДЫЙКАН‒ дыйканчылык менен кесип кылган орто азия элдериндеги диндик, мифологиялык түшүнүк. Дыйканчылыктын колдоочусу (пири) эгинди аралап кетсе, дан мол болот деген ишеним болгон. Адегенде бутпарастык, кийин диндик ынанымда пайдаланган. Ал аксакал карыя же канаттуу (көгүчкөн, кыргоол) түрүндө көрүнөт экен деп ойлошкон. Түшүм мол болсун үчүн, анын урматына ырым-жырымдарды (сыйынуу, түлөө) өткөрүшкөн. Баба дыйкан түшүнүгү мыкты дыйкан деген мааниде да колдонулат.