БАБА ДЫЙКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:18, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБА ДЫЙКАН‒ дыйканчылык менен кесип кылган о. азия элдериндеги диндик, мифологиялык түшүнүк. Дыйканчылыктын колдоочусу (пири) эгинди аралап кетсе, дан мол болот деген ишеним болгон. Адегенде бутпарастык, кийин диндик ынанымда пайдаланган. Ал аксакал карыя же канаттуу (көгүчкөн, кыргоол) түрүндө көрүнөт экен деп ойлошкон. Түшүм мол болсун үчүн, анын урматына ырым-жырымдарды (сыйынуу, түлөө) өткөрүшкөн. Б. д. түшүнүгү мыкты дыйкан деген мааниде да колдонулат.