БАБ ЭЛЬ-МАНДЕБ КЫСЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБ ЭЛЬ-МАНДЕБ КЫСЫГЫ Араб жарым аралынын түштүк-батыш учу менен Африканын аралыгында. Кызыл деӊизди Араб деӊизиндеги Аден булуӊу менен туташтырат. Узундугу 109 км, эӊ кууш жери 26 км, эӊ тайыз жери фарватеринде 31 м. Перим аралы кысыкты эки өткөөлгө (Чоӊ жана Кичи) бөлөт. Кысык жана Суэц каналы аркылуу Европаны Чыгыш жана Түштүк Азия, Австралия менен байланыштырган эӊ кыска суу жолу өтөт.