БААТЫРКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:44, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БААТЫРКАН Ногой уулу (1843‒1928, Ысык-Көл өрөөнү, Сары-Дөбө айылы) ‒ Түп аймагында 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылды жетектегендердин бири; Түп болуштугунун болушу. 1916-жылы август айында Баатыркан жетектеген көтөрүлүшчүлөр Түптөгү Преобреженский кыштагына бир нече жолу чабуул коюшкан. Бирок, курчоодогуларга жардамга келишкен жакшы куралданган орус падышачылыгынын аскерлери туруштук бере албай чегинүүгө мажбур болушкан. Падыша өкмөтүнүн жазалоочу отрядына катуу каршылык көрсөтүшкөн көтөрүлүшчүлөрдүн күчү теӊ болбогондуктан, айласыздан октябрь айында Кытайга кире качууга аргасыз болушкан. Качкындардын Баатыркан баштаган тобу Текес, Кулжага чейин барышкан. Алар 1918-жылы гана өз жерине кайтып келишкен.