БААНЫ ДИФФЕРЕНЦИАЦИЯЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БААНЫ ДИФФЕРЕНЦИАЦИЯЛОО бирдей продукцияга ар кыл баа ченин коюу. Мында ишканага тиешесиз экономикалык, табигый, аймак шартына байланыштуу продукция чыгаруу, сатуу чыгымынын түрдүүлүгү, продукциянын сапаты эске алынат. Бааны дифференциациялоо ишканалардын киреше деӊгээлин теӊдемелейт, бул көбүнчө даярдоо ишканаларына (жыгач даярдоо ж. б. ), ошондой эле бир катар иштетүүчү тармактарга (ун тартуу, пахта тазалоо ж. б.) тиешелүү.