БААНЫ ДИФФЕРЕНЦИАЦИЯЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БААНЫ ДИФФЕРЕНЦИАЦИЯЛОО бирдей продукцияга ар кыл баа ченин коюу. Мында ишканага тиешесиз экон., табигый, аймак шартына байланыштуу продукция чыгаруу, сатуу чыгымынын түрдүүлүгү, продукциянын сапаты эске алынат. Б. д. ишканалардын киреше деӊгээлин теӊдемелейт, бул көбүнчө даярдоо ишканаларына (жыгач даярдоо ж. б. ), о. эле бир катар иштетүүчү тармактарга (ун тартуу, пахта тазалоо ж. б.) тиешелүү.