БААЛУУЛУК ТЕОРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:55, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БААЛУУЛУК ТЕОРИЯСЫ, а к с и о л о г и я (гр. axia ‒ баалуулук жана logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктун табияты ж-дө, алардын реалдуулукта жана баалуулук дүйнөсүнүн структурасында алган орду, б. а. ар түрдүү баалуулуктардын социалдык, маданий факторлор жана инсандын структурасынын өз ара байланышы ж-дөгү филос. окуу. Б. т. жалпы жонунан бул же тигил доордо маданий салттардын баркы түшкөндүгүнөн жана коомдун туруктуу көз карашынын дискредитацияланышынан пайда болуп турган. Баалуулук багыттары инсандын ички, рухий түзүлүшүнүн маанилүү элементтери. Анын мазмунун адамдын саясий, филос. адептик ишеничтери, б. а. анын тереӊ жана туруктуу байланыштары, жүрүм-турумдун адептик принциптери түзөт.

М. Жумагулов, Ж. К. Асанов.