АҢЧЫ ЭЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– аң уулоону кесип (чарба) кылып күн көргөн элдердин аталышы. Мындай

чарбачылык алгач Африканын тропик токойлорунда, Түш.-Чыгыш Азияда, Түш. Америкада пайда болуп, айрым жерлерде азыр да бар. А. э. жашоо шарты ыңгайсыз, цивилизация дүйнөсүнө кызыкчылык туудурбаган жерлерде сакталып калган. Алар бүгүнкү күндө негизи­нен чөлдөрдө (түш.-батыш Африкадагы бушмендер); Арктикалык мейкиндиктерди (арктикалык инуиттер); тропик токойлорун (Африкадагы пигмейлер) мекендешип, чөп-чардан, бак-дарактын бутактарынан, кабыктарынан жасалган алачыктарда жашашат. Алар общиналык-уруучулук түзүлүштө жашап, жапайы айбандарга аңчылык кылып, балык кармап, өсүмдүктөрдүн азыкка жарамдуу тамырларын чогултуп күн көрүшөт. Алардын негизги колдонгон куралдары: союл, таяк, найза, жаа, жебе, тор, тузак ж. б. Саны жагынан 30–100дөй адамды бирик­тирген анча чоң эмес топтордон турат. Өкмөт, бийлик структурасы ж-а аскердик уюму жок, уруудагы чыр-чатактарды уруу башчысы эле чечет.