АҢ-ӨСТӨН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АҢ-ӨСТӨН – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 206 км. Деңиз деңгээлинен 1690 м бийиктикте. Калкы 1275 (2009). Орто мектеп, клуб, бейтапкана бар.