Азимут

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(ар. ас‑сумут – жол, багыт) – байкоо чекитинин меридиан тегиздиги менен ошол че­кит жана байкалып жаткан пункт аркылуу өткөн тик тегиздиктин аралыгындагы бурч (к. сүрөт). Эгер ал геогр. меридиандан эсептел-

Файл:Азимут30.png
О – байкоо жүргүзүү чекити, S – түштүк чекити, N ­түндүк чекити, Z – байкоочунун төбөсүндөгү (асман­дагы) эң бийик чекит (зенит), Е – асмандагы байкалган жарык чыгаруучу нерсе, ZEKO – асмандагы жарык чыгаруучу (Е) же жердеги нерсе аркылуу өтүүчү тик тегиздик, NK – өлчөнө турган азимут, С – жер­бетинде байкалган нерсе.

се – чыныгы же астр., ал эми магниттик меридиандан эсептелсе, магниттик азимут деп ата­лат. А. саат жебесинин айлануу багыты б‑ча 0°тан 360°ка чейин (астрономияда түштүктөн батышка, геодезияда түндүктөн чыгышка карай) эсептелет. А. бурч өлчөгүч аспаптар (теодолит, компас ж. б.) менен өлчөнөт.