Абдылда-хан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:39, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫЛДА (АБДАЛЛАХ)-ХАН (туулган жылы белгисиз – 30. 10. 1675-жылы өлгөн) – Моголстандын ханы (1638–1668), Абд ар-Рахим-хандын (1560–1635) уулу, Султан Саид Баба-хандын (1628/29–1680) бир тууганы. Чагатай тукумунан. Атасынын ордуна отурар менен Аксуну (1635), Кашкар жана Котонду (1636) алып, Бадахшан менен Болорду караткандан кийин (1641-1642) анын ээлигинин батышы азыркы Нуристан, Фергана – чыгышы азыркы Кытай Эл Республикасындагы Сучжоуго чейин жеткен. 1668-жылы уулу Жолборс менен хандык талашып, Индияга кетүүгө аргасыз болуп, ошол жакта көз жумган.

Ад.: Шах Махмуд Чурас, О. А. Акимушкин. Хроника. СПб., 2010.