АЯТОЛЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:24, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЯТОЛЛА (ар. ‒ «Алланын аяты», «Алланын белгиси») ‒ шииттерде дин башчыларына ыйгарылчу жогорку диний атак. Бул түшүнүк 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Мындай атакты алгандар көптөгөн өлкөлөрдүн шиит коомдорунда кездешет. Иранда 1979-жылы ислам революциясынын учурунда 30га жакын адамга ыйгарылган. Кийинчерээк Иран Ислам Республикасынын башчысы Хомейни Рухолла атакты берүүгө чек коюп, бул маселени өзү чечип калган.