АЯККАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 21 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЯККАП‒ идиш-аяк сактай турган, керегеге илип коюучу буюм. Аяккап ооз жагы түз кесилген, төрт бурч формасында, байыркы мезгилде кулун менен койдун терисинен, кийизден, таардан, кездемеден, кийинчерээк баркыттан жасалган. Аяккап көчмөн турмушка ылайыкталган. Аяккаптын

Файл:АЯККАП88.png

оозу үч, төрт бурч же жарым айлана түрүндөгү капкалдырыгы менен жабылат. Анын көрүнөө бети менен капкалдырыгы оймо-саймалар, четтери торлуу чачылар менен кооздолгон. Керегенин башына илип коюу үчүн аяккаптын эки четине илгич тагылган. Ал боз үйдүн эпчи жагындагы керегеге илинген. Азыр аяккап сейрек кездешип, кооздук үчүн гана жасалат.