АЯК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЯК к е с е ‒ атайын кырма аспап менен оюлуп жасалган жыгач идиш. Арча, жаӊгак, тал, терек, катыраӊ, кайыӊ, кара жыгач ж. б. жасалат. Анын оймо-чиймеленип, сырдалып кооздолгонун ‒ сыр Аяк, жөн жасалганын ‒ кара Аяк, саптуу жасалганын ‒ жан Аяк деп аташат. Аякты жөнөкөй түзүлүштөгү чот, ийди, кырма деген аспаптар менен кырмачылар жасашат. Ал чоӊ, кичине, жайпак болот. Чоӊ Аяктын диаметри 20 смге чейин жеткен. Өтө кичинекейин ч ө й ч ө к дешкен.

Файл:АЯК87.png

Азыркы учурда мындай идиштер сейрек кездешет.