АЯК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

к е с е ‒ атайын кырма аспап менен оюлуп жасалган жыгач идиш. Арча, жаӊгак, тал, терек, катыраӊ, кайыӊ, кара жыгач ж. б. жасалат. Анын оймо-чиймеленип, сырдалып кооздолгонун ‒ сыр А., жөн жасалганын ‒ кара А., саптуу жасалганын ‒ жан А. деп аташат. А-ты жөнөкөй түзүлүштөгү чот, ийди, кырма деген аспаптар менен кырмачылар жасашат. Ал чоӊ, кичине, жайпак болот. Чоӊ А-тын диаметри 20 смге чейин жеткен. Өтө кичинекейин ч ө й ч ө к дешкен.

Файл:АЯК87.png

Азыркы учурда мындай идиштер сейрек кездешет.