АЮУ-ТАПАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЮУ-ТАПАН ‒ Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Жошолу айыл аймагына караштуу. Жошолу суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1920 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 30 км чыгыш тарапта, Ош темир жол бекетинен 130 км. Калкы 1335 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.