АЮУ-ТАПАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:54, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЮУ-ТАПАН ‒ Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Жошолу айыл аймагына караштуу. Жошолу суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1920 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 30 км чыгыш тарапта, Ош темир жол бекетинен 130 км. Калкы 1114 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.