АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:14, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО‒ самолётто же вертолётто орнотулган атайы аппараттардын жардамы менен жер бетиндеги тоотектердин магниттик, электр-магниттик, индукциялык кубулуштарын изилдөө, кендерди издөө, чалгындоо ыкмасы. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы СССРде (1955-жылы), Швецияда, Канадада жана АКШда иштеп чыгарылган. Кендерди издөөдө, геологиялык съемкада жана гидрогеологиянын кээ бир маселелерин чечүүдө кеӊири пайдаланылат. Аэроэлектрдик чалгындоодо электр-магниттик толкундарды жаратуучу жана таратуучу генератор рамасы пайдаланылат. Учуу мезгилинде рамадан жиберилген электр-магниттик толкундар тоотек катмарларына, кенташтарга (рудаларга) өтүү менен электр (вихрь) тогун пайда кылып, анын түрдүү даражадагы электр-магниттик толкундары самолёттогу аспаптар аркылуу кайрадан кабыл алынып катталат. Толкундардын интенсивдүүлүгү тоотектердин ток өткөргүчтүүлүгүнө жараша болгондуктан, ал боюнча ар түрдүү аныктоолорду жүргүзүүгө болот. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы жасалма же табигый электр-магниттик толкундарды колдонуу муктаждыгына карата бир нечеге бөлүнөт.