АЭРОТЕРАПИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОТЕРАПИ́Я (аэро... жана терапия ) ‒ ачык абада организмди чыӊдоо жана дарылоо ыкмасы. Дарылоо жана ден соолукту чыӊдоо максатында колдонулат. Анын негизги максаты дененин сырткы темп-ранын терс таасирлерине чыдамдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Таза абада болуу узактыгы жыл мезгилине, аба ырайына (абанын темп-расына, нымдуулугуна, шамал күчүнө) дененин чыдамдуулугуна, ден соолукка жараша болот. Ал санаторий-курорттук дарылоодо климат менен дарылоонун маанилүү бөлүгүн түзөт. Аба ваннасын кабыл алуу убактысы улам узартылып, нымдуу сүлгү менен сүртүнүү, душка, сууга түшүү менен айкалыштырылып жүргүзүлөт.