АЭРОСЪЁМКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:36, 25 Июль (Теке) 2023 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОСЪЁМКА, а э р о ф о т о с ъ ё м к а ‒ учуучу аппараттардан жер бетин сүрөткө түшүрүү (оптикалык спектрдин бардык диапазонунда). Пландуу жана перспективдүү, ошондой эле фотографиялык, телевизордук, жылуулук, радиолокациялык жана чөлкөмдүү аэросъёмкаларга бөлүнөт. Аэросъёмканын материалдары ‒ аэросүрөттөр, фотосхемалар, фотопландар геодезиялык, геологиялык жана инженердик изилдөөлөрдө колдонулат.