АЭРОПОРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 9 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde (Dilde moved page АЭРОП ОРТ to АЭРОПОРТ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОПОРТ, а б а д а р б а з а с ы ‒ жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү аба транспорту менен жеткирүүнү уюштуруучу имараттар, курулмалар (аэродром менен бирге), жабдыктар тутуму. Жабдылышына жана самолётту кабыл алуу, төйлөөсүнө жараша А. жерг. жана эл аралык болуп бөлүнөт. А. радиолокациялык, автоматтык, радиотех. аспаптар жана навигациялык түзүлмөлөр, метеорол. жабдуулар менен камсыздалып, жүздөгөн га аянтты ээлейт. А-тун карамагында аэровокзал , почта, жүк кабыл алуучу, жөнөтүүчү бөлмөлөр, мейманкана жана тескөөр (Бишкек «Манас» аэропорту. диспетчер) пункту, ангар, материал-тех. мүлк кампасы ж. б. болот, к. Аэродром, «Манас» аэропорту.