АЭРОПОНИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОПОНИКА (аэро.... жана гр. povos - жумуш) – өсүмдүктү топураксыз же аны алмаштыруучу субстрат жок өстүрүү, гидропоника ыкмасынын бир түрү. Өсүмдүктөрдү азык-зат менен камсыз кылуу үчүн макро жана микроэлементтери бар эритмелер тамырына себилет. Аэропоника ыкмасын орус окумуштуусу В. М. Арциховский сунуш кылган (1910). 3-4 кабат “этажеркасынын” таманы жарык өтө турган синтездик полиэтилен менен капталат. Анда тешикчелер жасалып, өсүмдүк отуругузулат жана азык жиберилүүчү түтүкчөлөр жайгаштырылып, өсүмдүккө азык-зат берилет. Аэропониканын жетишкен жагы субстраты жок жана аны кароонун кереги жок. Жетишпеген жагы эритме берүүчү системага такай көз салуу керек жана электр энергиясы менен камсыз кылуунун машакаттуулугу. Бул ыкма көбүнчө чет өлкөлөрдө пайдаланылат.