АЭРОМАГНИТОМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОМАГНИТОМЕТР ‒ Жердин магниттик талаасын учма аппараттан ченөөчү прибор. Индукция принцибинде жасалган аэромагнитометрдин геомагнит талаасынын сезгич бөлүгү зым менен оролгон айланып турчу рамадан турат. Жер магнетизминен рамада пайда болгон электр тогу магнит талаасынын өлчөмүн көрсөтөт. Аэромагниттик съёмкада колдонулуучу ферозонддуу анын иштеши магниттик каныгуу касиетине негизделген. Аэромагнитометрге самолёттун электр-магниттик талаасы таасир этпес үчүн, анын сезгич бөлүгү самолёттун сыртына орнотулат, ал эми так өлчөөлөрдө ал 30‒50 м кабель (кермезым) менен сүйрөтүлүп коюлат.