АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР‒ атмосферанын жогорку катмарындагы абанын басымын, ылдамдыгын, температурасын, нымдуулугун, булуттарды, күндүн радиациясын, атмосферанын турбуленттүүлүгүн, озон менен аэрозолдун топтолушун, радиациясын, атмосферанын потенциялын ж. б. өлчөө үчүн колдонулуучу приборлор. Негизги Аэрологиялык приборлор ‒ метеорограф, радиозонд, самолётко орнотулган метеорологиялык лабороториялардын жардамы менен ченелет. Атмосферанын 100 км жана андан бийик катмарларындагы абанын температурасын, басымын, тыгыздыгын өлчөө үчүн метеорологиялык ракеталар, өтө кеӊ мейкиндиктеги атмосфераны изилдөө үчүн метеорологиялык спутниктер пайдаланылат.