АЭРОЛОГИЯ СТАНЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЛОГИЯ СТАНЦИЯСЫ ‒ атменены такай изилдеп туруучу метеорологиялык мекеме. Радиолокатор же радиотеодолит менен жабдылып, алардын жардамы менен радиозонддун учушуна байкоо жүргүзөт. Атмененын 30‒40 кмге чейинки бийиктигинде болуучу шамалдын ылдамдыгын, абанын температурасын, басымын жана нымдуулугун радиозонддун сигналы аркылуу аэрология радиолокатору кабыл алат. Алынган маалыматтар атменены изилдөөдө жана аба ырайын прогноздоодо пайдаланылат.