АЭРОЗОЛЬ ТЕРАПИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:57, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЗОЛЬ ТЕРАПИЯСЫ ‒ оорулууну дары дисперсиялары м-н аэрозолдоп дарылоо ж-а ооруну алдын алуу ыкмасы. Мында дарылар аэрозоль түрүндө жаранын бетине, былжыр катмарларга себилет ж-а ингаляция түрүндө дем алуу жолдору аркылуу организмге жиберилет. Аэрозолдун дисперсиялык бөлүкчөлөрү өтө майда болгондуктан, алар бронхторго, альвеолаларга чейин кирип, андан канга тез өтөт. Аэрозолдор табигый ж-а жасалма болуп бөлүнөт. Табигый А. т-на табигый шартта деӊиз, көл сууларынын микроэлементтери, кээ бир өсүмдүктөр (ийне жалбырактуулар, камфора дарагы, ак кайыӊ ж. б.) бөлүп чыгарган заттар ж-а фитонциддер аралашкан таза аба м-н дем алуу кирет. Жасалма аэрозолдор ар түрдүү дары касиети бар заттардан, өсүмдүктөрдөн ж. б. жасалат.