АЭРОДИНАМИКАЛЫК КАРШЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОДИНАМИКАЛЫК КАРШЫЛЫК – абада кыймылда болгон нерсеге аракет этүүчү аэродинамикалык күч. Ал нерсенин кинетикалык энергиясынын кайталангыс жылуулук энергиясына өтүшүнөн пайда болот. Аэродинамикалык каршылык ‒ учуучу аппараттын эӊ негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Алардын учуу-техникалык ырааттуулугун, айрым учурда алардын кыймылдаткычынын керектүү тартуу кубаттуулугун аныктайт. Ал нерсенин формасына, өлчөмүнө, кыймыл багытына, кыймыл ылдамдыгына, чөйрөнүн касиеттерине жана абалына көз каранды. Кинетикалык энергиянын чачырашы жана жылуулук энергиясына өтүүсү ‒ агымдын куюнга айлануусунан, согуу толкунунун пайда болушунан жана беттердин аэродинамикалык ысышынан келип чыгат. Идеалдык кысылбас суюктукта куюндун жана согуу толкунунун пайда болушу мүмкүн эмес, ошондуктан теорияда Аэродинамикалык каршылык пайда болбойт.