АЭРОДИНАМИКАЛЫК КАРШЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – абада кыймылда болгон нерсеге аракет этүүчү аэродинамикалык күч. Ал нерсенин кинетикалык энергиясынын кайталангыс жылуулук энергиясы на өтүшүнөн пайда болот. А. к. ‒ учуучу аппараттын эӊ негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Алардын учуу-тех. ырааттуулугун, айрым учурда алардын кыймылдаткычынын керектүү тартуу кубаттуулугун аныктайт. Ал нерсенин формасына, өлчөмүнө, кыймыл багытына, кыймыл ылдамдыгына, чөйрөнүн касиеттерине ж-а абалына көз каранды. Кинетикалык энергиянын чачырашы ж-а жылуулук энергиясына өтүүсү ‒ агымдын куюнга айлануусунан, согуу толкуну нун пайда болушунан ж-а беттердин аэродина микалык ысышынан келип чыгат. Идеалдык кысылбас суюктукта куюндун ж-а согуу толкунунун пайда болушу мүмкүн эмес, ошондуктан

теорияда А. к. пайда болбойт.