АЭРОБИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:20, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОБИКА, (аэро… жана гр. bios ‒ жашоо) ‒ 1) ритмдүү гимнастика. Музыка менен коштолуучу ар кандай дене көнүгүүлөрдүн жыйындысы. Ден соолукту чыӊдоодо жана спортто колдонулат. 2) Чыдамкайлыкка машыктыруу максатында циклдүү спорттун түрүнө (чуркоо, сууда сүзүү ж. б.) колдонулуучу көнүгүүлөр тобу. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасынын кызматын жакшыртууга багытталган.