АЭРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:34, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРАЦИЯ (гр. aer ‒ аба) ‒ 1) атмосфералык абанын табигый же жасалма жол менен кандайдыр бир чөйрөгө (мисалы, топуракка, сууга ж. б.) өтүшү; 2) ар кандай чөйрөдөгү органикалык заттарды тез кычкылдандыруу үчүн жасалма жол аркылуу алынган аба менен каныктыруу. Аэрация техникалык каражаттар- дын жардамы менен же болбосо абанын өтүшүнө тоскоол болгон заттарды (муз, май пленкалар ж. б.) жок кылуу менен жүргүзүлөт. Аэрация суулардын , көлмөлөрдүн интоксикациясын жок кылуу жана булганыч сууларды тазалоо үчүн колдонулат. Кээде биофильтрлерди аэрациялайт. Биофильтрге абаны киргизүү аэробдук микроорга низмдерди активдештирип, агын сууларды тазалоону тездетет.