АШКЕНАЗДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШКЕНАЗДАР, а ш к и н а з д а р ‒ еврейлердин этностук тобу. Саны 10 млн адам (2014). Идиш тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү иудаизм динин тутушат. Ашкеназдар 1‒2-миӊ жылдыкта роман, арамей жана славян тилдүү еврей улуттарынын негизинде Рейндин ортонку алабында, Дунайдын жогорку жана чыгыш Альпы зоналарында калыптанып, немец тилин кабыл алышкан. 12‒15-кылымдарда Ашкеназдардын негизги бөлүгү Польша жана Улуу Литва княздыгынын аймактарына, чыгышы Киев Русуна отурукташып, славян тилдүү кенаиттер тобу менен ассимиляцияланышкан. Алар лытвактар (Литва, Белоруссия, чыгыш Польшада), пойли (Польшада), курлендер (Латвияда), галыцианер (Галицияда), волын-подолдук жана валах-бессарабиялык еврейлер (Украина, Молдавия, Румыния, Трансильвания) ж. б.

Файл:АШКЕНАЗДАР80.png

субэтностук топторго бөлүнөт. Иудаисттик дин нормаларына ылайык эркектер узун кофта (лапсердан), башына кара түстүү баш кийим (ярмолка) кийишип, жээгине мех бастырып тигилген (штраймл) ак-кара же ак-көк түстөгү атайын шалы-жоолук жамынышып, сакалдарын жана бир тутам чач (пейсы) коё беришкен. Аялдар башына жоолук салынышкан. Тамак-ашы ун, эт, балык азыктары. Ашкеназдардын тукумдары Израилде 50% жана диаспордогу еврейлер 80%ти түзөт.

                                                                                                                                      Ш.Керимова.