АШ АЙРАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:27, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШ АЙРАН‒ сүт менен дандан жасалган муздак ичилчү суюк тамак. Накта сүттүн үчтөн бирине суу кошуп, ысыган кезде акшак же талкан чалып бышырат. Анын табы кайтып жылымык болуп сууганда, уютку кошуп уютат. А. ток жана жагымдуу болот. Ал мүнөз тамак катары да пайдаланылат.