АЧЫК-ТАШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧЫК-ТАШ МӨҢГҮСҮ Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталында, Ленин атындагы чокунун түндүк-чыгыш тарабынан орун алган. Узундугу 5,5 км, аянты 5,8 км2. Абляциясынын аянты 3,5 км2, көлөмү 0,2 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 4880 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Фирн облусу чокунун түндүк-чыгышындагы тармагынын Ленин мөӊгүсүн караган батыш бетинде жатат. Жакынкы мезгилде эле Ленин мөӊгүсүнүн бир айрыгы болгон. Чегинүүнүн натыйжасында өзүнчө бөлүнгөн. Алардын этек мореналары бир тилкеде жатат. Мөӊгүдөн агып чыккан суу Кызыл-Суунун сол куймасы ‒ Ачык-Таш суусуна куят.