АЧЫК-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧЫК-СУУ МӨҢГҮСҮ Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталында. Кызыл-Суунун сол куймасы Ачык-Суунун алабынан орун алган. Узундугу 8,3 км, аянты 10 км2, абляциясынын аянты 4,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5680 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м. Тик капталдарда жаткан фирн жана кар массасы ылдый карай жайык мульдага жылып түшүп, андан мөӊгү агымы түндүк-чыгышка карай жылат. Этегинин 4,1 км2 аянты мореналар менен капталган. Мөӊгүдөн аты уйкаш суу агып чыгып, Кызыл-Сууга сол тараптан куят.