АЧЫК-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧЫК-СУУ ‒ Ош облусунун Чоӊ Алай районундагы кыштак. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 35 км, Ош темир жол бекетинен 300 км. Деӊиз деӊгээлинен 3035 м бийиктикте. Калкы 2 770 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, амбулатория, төрөт үйү бар.