АЧУУ ЖУМУШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 27 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧУУ ЖУМУШТАРЫ‒ кендерди жер бетинен ачык казып алууда пайдалуу катмарлардын үстүндөгү тектерди алып таштоо. Кендин үстүндөгү тоотектер катуу болгондо, ачуу жумуштары жардыруу аркылуу тектерди талкалап, аларды экскаватор менен транспорттук вагондорго жүктөө, ташуудан турат. Тоо тектери жумшак болсо, алар массивден экскватор менен казылып, талкалоо жана жүктөө жумуштары чогуу аткарылат. Катмарлуу кенташ (руда) горизонталь боюнча жана бир аз жантык жайланышканда, үстүндөгү тектердин калыӊдыгы 35 мден ашпаса пайдасыз тоо тектер карьердин бош орундарына экскватор менен оодарылып төгүлөт да, бардык процесстерди бир гана механизм аткарат. Ачуу жумуштары тектерди оодарып төгүүгө карата ‒ туурасынан, узатасынан жана аралаш иштетүүлөр болуп бөлүнөт. Өркүндөтүлгөн жана механикалаштырылган ири жабдууларды колдонуу ачуу жумуштарынын наркын төмөндөтүп, пайдалуу казылмалардын үнөмдүү иштелишин камсыз кылат.