АЧКЫЧ СӨЗ АРКЫЛУУ ИЗДӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧКЫЧ СӨЗ АРКЫЛУУ ИЗДӨӨ (Кeyword search-Поиск по ключу). Маалымат издөө системасында изделүүчү предметти же теманы баяндаган бир же андан көп ачкыч сөзү менен издөө аткарылат. Мисалы, «Кыргызстан» банкынын жана анын филиалдарынын маалыматтары кызыктырса, компьютерге бул атты жана «филиал» сөзүн & символу менен бириктирип киргизип койсок, издөө системасы бул эки сөз боюнча издөөнү аткарат жана экранга ал сөздөрдү камтыган сайттардын тизмеси менен катар аларда эмне деген маалыматтар бар экендиги тууралу кабар чыгарып берет.


Файл:АЧКЫЧ СӨЗ АРКЫЛУУ ИЗДӨӨ.jpg