АЧ ТАЛАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧ ТАЛАА, Т ү ш т ү к А ч т а л а а ‒ Орто Азиядагы түздүк, Сыр-Дарыянын Фергана өрөөнүнөн чыга бериштеги сол жээк тарабы. Түштүгүнөн Түркстан кырка тоосунун этектери менен чектешет; түндүгү менен түндүк-батышында Кызыл-Кум чөлүнө кошулат. Аянты 10 миӊ км2дей. Бийиктиги 385 мге чейин. Негизинен лёсс сымал кумай жана кумдуу топурактан турат. Жеринин көп бөлүгү сугарылат (Түндүк каналы, Борбордук, Түштүк Ач талаа каналдары ж. б.).