АЦИДОФИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЦИДОФИТТЕР (лат. actolus ‒ кычкыл ж-а өсүмдүк ) ‒ кычкыл топурактарда ж-а кычкыл сууларда (рН=6,7ден төмөн) өсүүчү өсүмдүктөр. А. төмөнкүлөргө бөлүнөт: 1) өзгөчө А. (рН= =3,0‒4,5) сфагнум, плаундар ж. б.; 2) мелүүн А. (рН=4,5‒6,0) (ширеси ачуу же уулуу сары гүлдөр ж. б.). 3) начар А. (рН=6,0-6,7). Алардын өтө кычкылданууну талап кылганы сфагнум (рН=3 ‒ 4).