АХУНБАБАЕВ Юлдаш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Dilde (Dilde moved page АХУНБАБАЕВ to АХУНБАБАЕВ Юлдаш) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХУНБАБАЕВ Юлдаш [1(13).7.1885, Өзбекстан, Фергана обл., Маргалаӊ р-ну, Жойбазар айылы ‒ 28. 2. 1943] ‒ мамл. ишмер. Башталгыч мектепте (мусулман) окуган. 1920‒21-ж. Маргалаӊда кедейлер союзунун, 1921‒25-ж. «Кошчу» союзунун төрагасы. 1925‒38-ж. Өзбек ССР Советтеринин БАКтын төрагасы, 1938‒43-ж. Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.