АХМЕД ЮГНЕКИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХМЕД ЮГНЕКИ, Югнеки Адиб Ахмед ибн Махмуд (12-кылымдын аягы, Түркстандын чет жакасында ‒ 13-кылымдын башы, ошол эле жерде) ‒ акын, ойчул. Югнаки шаарында туулуп (Самаркандга жакын) өскөн. Тубаса көзү азиз бала жаштайынан илим-билимге умтулуп, түрк тилдери менен араб тилин жакшы өздөштүргөн, ошондуктан ал «Адиб Ахмед» деген атка ээ болгон. Шарият эрежелерин изилдеп-таанып, билимин тереӊдеткен. Ахмед Югнекинин өмүр жолу жөнүндө так маалымат жок. Ислам баалуулуктарына негизделген майда ырлары «Акыйкат сыйы» аттуу дидактикалык ырлар жыйнагына топтолгон. «Акыйкат сыйы» мазмуну жагынан Абу Наср ал-Фараби, Махмуд Кашгари, Ж. Баласагуни, Кожо Ахмет Яссавинин эмгектери менен катар 9‒13-кылымдардын аралыгындагы түрк дүйнөсүнүн рухий казынасына айланган. Бул поэманын 14‒15-кылымдарда жазылган үч түрдүү көчүрмөсүнөн үч түрдүү үзүндүлөр азыр Стамбулдагы Айя-София (Ыйык-София) китепканасында, Берлин китепканасында сакталып турат. Стамбулдагы араб жазуусу менен көчүрүлгөн нускасы прозалык, поэтикалык котормосу менен казак тилинде 1985-жылы Алматыда «Илим» басмасында жарык көргөн. Поэмада адамдарды терс сапаттардан алыс болууга үндөө, өмүрдүн кыскалыгы, кайталанбай тургандыгы баса белгиленет.

                                                                                                                                          Ч. Жумагулов.