АХМАДАЛИЕВ Тулкунжан Курбанович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХМАДАЛИЕВ (Адали) Тулкунжан Курбанович (17. 4. 1941-жылы туулган, Өзбекстан, Фергана облусу, Маргелан шаары) ‒ артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2000). А. Н. Островский атындагы Ташкент театр, искусствосу институтун бүтүргөн (1968). Астрахань, Кострома, Ижевск шаарларынын театрларында 1981-жылдан Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында иштеген. Т. Ахмадалиевдин Бишкек шаарындагы орус драма театрынын сахнасында ойногон белгилүү ролдору: Поручик Дуб (Я. Гашек, «Кайраттуу солдат Швейк»), Красавин (С. Найден, «Ванюшиндин балдары»), Акмат (М. Тойбаев, «Биринчи салгылаш»), Эрназар (Ч. Айтматов, «Кыямат»), Дулебов (А. Островский, «Таланттар жана таазим этүүчүлөр»), Беранже(Э. Ионеско, «Кериктер»), Виктор Беласко (Н. Саймон, «Паркта жылаӊаяк») жана башкалар. Япон классиги Кобо Абэнин «Достор» пьесасынан

Файл:АХМАДАЛИЕВ68.png

атанын ролун ойноп, россиялык сынчылардын жогорку баасына татыктуу болгон. Т. Ахмадалиев режиссёр катары В. Скоропись менен бирге «Французча ажырашуу», «Кадриль», «Чынгызхандын купуя сыры» спектаклдерин койгон.